Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:48

Орусия Украинага бара жаткан жүктү Кызыл Чырымга берет


Орусиянын Украинага жүк тарткан унаалары. Москва, 12-август, 2014-жыл.
Орусиянын Украинага жүк тарткан унаалары. Москва, 12-август, 2014-жыл.

Орус тышкы иштер министрлигинин соңку билдирүүсүнө караганда, Москвадан Чыгыш Украинага бара жаткан гуманитардык кербен чек арадан “ Кызыл Чырым эл аралык комитетинин эгидасы астында гана өтөт”.

Орус расмий өкүлдөрүнүн ырастоосунда, 280 унаада көлөмү 2000 тонна келген жүктүн арасында балдардын тамак-ашынан тартып, төшөнчүсүнө чейин бар.

Эл аралык Кызыл Чырым комитетинин өкүлдөрү мурдараак унаалардын ичине эмне жүк салынганын жана жүк кайсыл жакка барарынан кабары жоктугун билдиришкен.

Ал эми Киевдеги расмий өкүлдөр Орусиянын жүгү Украинага кириш үчүн чек арадан түшүрүлүп, Кызыл Чырым аны башка унаалар менен ташуусу керектигин айтууда.

Батыш жана украин расмий өкүлдөрү Орусия гуманитардык жардам шылтоосу менен Украинанын чыгышына аскерлерди жөнөтүшү мүмкүн деп кооптонушат. (UE)

XS
SM
MD
LG