Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:10

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги 12 адамды кулчулуктан куткарды


Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Тула шаарында 3 айдан бери эмгек кулчулугунда жүргөн 12 кыргызстандык жаранды куткарды. Бул тууралуу элчиликтин экинчи катчысы Айымкан Кулукеева “Азаттыкка” билдирди.

Алар 3 ай бою эмгек кулчулугунда жүрүшкөн. Кыргызстандан 1-майда учуп келишиптир. Айтымдарында аларды бул жакка Махабат аттуу аял жөнөткөн. "Кыргыз жарандарын Тулада азербайжан улутундагы киши талаада картөшкө, капуста тердирип иштеткен", - деди Кулукеева.

Элчиликтен билдиришкендей, алардын арасында кош бойлуу аялдар да бар. Аларды кыйнап иштеткен адамдын ур-токмогунан улам июнь айында бир келиндин боюнан түшүп калган. Учурда элчилик аларды мекенине кайтарууга аракет кылууда. (UEz)

XS
SM
MD
LG