Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:33

"Кыргыз бийи" коомчулукка тартууланды


Бүгүн Бишкекте “Кыргыз бийи” чыгармасына тартылган эң чоң масштабдагы видеоклиптин бет ачары болду. Клипке 280ден ашык бийчилер катышып, тасмага Кыргызстандын жети облусунун символикалуу жерлери тартылган. Долбоордун жетекчиси, кинорежиссер Ырысбек Жабировдун айтымында бул видеоклиптин башкы максаты кыргыз бийин кеңири жайылтуу болуп саналат. Жабиров кошумчалагандай аталган эмгекке 50 миң доллар сарпталган.

Өткөн жылы талашка түшкөн "Кара жорго" бийин казактар патенттеп алгандан кийин бир нече уюмдар кыргыздын улуттук бийин аныктоо максатында сынак жарыялашкан. (AiA)

XS
SM
MD
LG