Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:57

Кытай полициячы Тибеттеги демонстранттарга ок чыгарган


Бул тууралуу тибеттиктердин адам укугун коргоочу уюмдары билдирүүдө.

Британияда жайгашкан, Тибет үчүн эл аралык өнөктүк деп аталган уюмдун маалыматына караганда, кытай полициясынын кечээги ок атуусунан ондой киши жаракат алган.

Сичиуан провинциясындагы Ганзи префектурасында жүздөгөн тибеттиктер камакка алынган кыштак лидерин бошотууну талап кылып чыгышкан.

Кыштак башчысы бийликтердин тибеттик аялга жасаган мамилесине каршылык билдирген соң камалган.

Тибеттиктер жашаган аймактарда кытайлык башкарууга каршы нааразылык акциялар маал-маалы менен өтүп калат. Тибетте ири демонстрациялар акыркы ирет 2008-жылы болгон. ( UE)

XS
SM
MD
LG