Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:19

Тоң районунда “Индия күндөрү” өтөт


Ысык-Көл облусунун Тоң районунда “Индия күндөрү” аттуу иш-чара өткөрүлөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” Тоңдун акими Бакыт Рыспаев билдирди. Анын айтымында, аталган иш-чара 16-17-август күндөрү Бөкөнбаев айылында өткөрүлөт.

Бул фестиваль Индия менен Кыргызстандын достук мамилелерин чыңдоо максатын көздөйт. Иш-чара Индия элчилиги, Тоң акимчилиги жана Алмалуу этно айылынын биргелешкен долбоору болуп эсептелинет. Бул күндөрү товарлардын жармаңкеси, Индия киносу жана маданиятын чагылдырган концерт менен коштолот. Жармаңкеге индиялык коноктор менен жергиликтүү өнөрчүлөрдүн эмгектери коюлат. (MKo)

XS
SM
MD
LG