Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:54

Оторбаев “Азаттыктын” макаласына реакция жасады


Премьер-министр Жоомарт Оторбаев 18-июлда “Азаттыкка” жарык көргөн “УКМК кокон гиластан “үлүш” сурап жатабы?” деген макаласына реакция жасады. Аталган макалада аравандык багбан Шавкат Байбабаев андан УКМК кызматкерлери акча талап кылып, коркутуп жатканын айткан. Анын кокон гиластан тапкан кирешеси Жоомарт Оторбаевдин Араванга болгон иш-сапарында белгилүү болгон.

Ал эми багбан Шавкат Байбабаев макаладан кийин УКМК кызматкерлери келип текшерүү иштерин жүргүзгөнүн, бирок ошондон бери аталган кызматтын өкүлдөрү тарабынан коркутуп акча талап кылуу токтогонун "Азаттыкка" билдирди.

Премьер-министр багбандын келтирген жүйөсү боюнча тиешелүү органдарга тапшырма берип, анын маалыматтары тастыкталбаганын “Азаттыкка” расмий кат аркылуу билдирди. (UEz)

XS
SM
MD
LG