Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:12

Ошто өзбек тектүү тургундар той чыгымын азайтат


Ош шаарындагы негизинен өзбек тектүү эл жашаган Туран аймактык кеңеши той чыгымдарын азайтуу боюнча чечим чыгарды. Ага ылайык, тойдон мурун боло турган “Манзар жеди”, “Бата той” сыяктуу үдүмдөр, тойдон кийинки “Жүз ачты” жыйыны мындан ары өткөрүлбөй турган болду. Ошондой эле той өткөндөн соң 40 күн бою келиндин үйүнөн күйөө баланыкына тамак ташууга да тыюу салынды. Аны аткарбагандар 200 доллар өлчөмүндө айыппул төлөйт. Бул тууралуу аталган аймактык кеңештин өкүлү Рустам Садыков билдирди.

Аймактык кеңештин чечими 9-августтан тарта күчүнө кирди. Бирок жашоочулар арасында каада-салттарга тыюу салууну колдобогондор да бар.

Той чыгымдардын азайтуу жана айрым зыяпаттарга тыюу салуу демилгеси буга чейин Өзгөн, Кара-Суу, Араван, Ноокат, Базар-Коргон жана Ноокен райондорундагы өзбек коомчулугу тарабынан да көтөрүлгөн. (SE)

XS
SM
MD
LG