Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:35

Вице-премьер биометрикалык паспортко өтүү даярдыгын текшерет


Вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев бардык облустарды кыдырып, биометрикалык маалыматтарды чогултуу боюнча алдын ала жүргүзүлүп жаткан жумуштарды текшерет. Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөттүн басма сөз кызматынын өкүлү Мелис Эржигитов билдирди. Даярдыкты текшерүү 19-августта Ысык-Көлдөн башталып, 21-августта Баткенде жыйынтыкталат.

Быйыл 27-августтан тарта биометрикалык маалымат жыйноо боюнча улуттук өнөктүк башталат. Аны миңге жакын мүчөсү бар атайын топ жүргүзөт. Жумушту тендерден утуп чыккан германиялык Giesecke&DevrientGmbH компаниясы ишке ашырат.

Калктын биометрикалык маалыматтарын чогултуу бир жылда бүтүшү керек. 16 жаштан өйдө жарандар бармак изин, көздүн санарип сүрөтүн жана кол тамгасын тапшырууга милдеттүү.

Алгач биометрикалык маалыматты президент Алмазбек Атамбаев баштаган бийлик өкүлдөрү тапшырары күтүлүүдө. (SE)

XS
SM
MD
LG