Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:07

Кыргыз-өзбек чек арасында абал туруктуу


Бул тууралуу “Азаттыкка” Чек ара кызматынын маалымат катчысы Гүлмира Бөрүбаева кабарлады. Анын айтымында, учурда өткөн түнү ок атылган Орто-Ынтымак айылында абал тынч, чек арачылар кадимки режимде иштеп жатышат. Окуя боюнча бүгүн кыргыз-өзбек чек ара кызматынын өкүлдөрүнүн жолугушуусу күтүлүүдө. Анын жыйынтыгы менен окуяны биргеликте иликтөө чечими кабыл алынышы мүмкүн.

19-августта кыргыз-өзбек чек арасында мыйзам бузуу катталып, ал ок атуу менен коштолду. Буга Кадамжай районунун Орто - Ынтымак айылы туштан белгисиз 20-25 адам Кыргызстандан Өзбекстанды көздөй кездем таңгактарын мыйзамсыз алып өтүп жаткандыгы себеп болгон. Чек ара күзөтчүлөрүнүн токтотуу аракетине белгисиз адамдар таш ыргытып жооп беришкен. Натыйжада оор жараттан өзбекстандык бир жаран мерт болуп, калгандары чек арадан өтүп, качып кетишкен.

Окуя маалында кыргызстандык эки чек арачы жараат алган.(BkA)

XS
SM
MD
LG