Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:53

Казакстанда кырсыкка кабылган бийчилер Кыргызстанга кайтат


Бул тууралуу “Азаттыкка” Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, коңшу өлкөнүн Маңгыс-Тоо аймагында жол кырсыгына кабылган 18 бийчинин үчөө олуттуу жараат алган. Алар Кыргызстанга учак менен, калгандары поезд менен кайтмакчы. Кырсыктан жабыркагандарды мекенине жөнөтүүдө бул өлкөдөгү элчилик жана диаспора биргеликте аракет көрүүдө.

Бийчилер түшкөн унаа 18-августта кырсыкка учураган. Анда алар түшкөн кичи автобустун айдоочусу уктап кетип, жолдон чыгып кеткен. Унаанын ичинде Кыргызстандын “Дея”, “Арууке” бий топторунун мүчөлөрү болгон.(BkA)

XS
SM
MD
LG