Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:49

Электрге тариф көтөрүлдү


Кыргызстанда электр энергиясына тариф көтөрүлдү. Бул тууралуу “Азаттыкка” Энергетика министрлигинин Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу департаментинин башчысы Миргүл Айдарова кабарлады. Анын айтымында, жаңы тарифтик саясатка ылайык жалпы колдонуучулар үчүн мурдагыдай эле 70 тыйын бойдон калды. Ал эми электр тогун үч фазадан пайдалангандар ушул жылдын 1-сентябрынан тарта 1кВт/саат үчүн 1.20 тыйындан, өндүрүш, айыл чарба ишканалары 1 сом 38 тыйын, насостук станциялар 72,8 тыйындан төлөй баштайт.

Айдарованын айтымында, бул тариф 2015-жылдын 1-апрелине чейин өзгөрүүсүз калат. Андан соң инфляцияга жараша өзгөрүшү мүмкүн.

30-июнда парламентте кабыл алынган мыйзам долбооруна ылайык, электр энергиясына тарифти аныктоо өкмөткө жүктөлгөн. Мурда өкмөт тарифти киргизүү үчүн Жогорку Кеңештин макулдугун алышы керек болчу.(BkA)

XS
SM
MD
LG