Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:15

Ирландияда эбола илдетине экспертиза жасалат


Эбола жуккан адамды дарыгерлер үйдөн алып чыгууда. Либерия.
Эбола жуккан адамды дарыгерлер үйдөн алып чыгууда. Либерия.

Ирландиялык окумуштуулар эбола вирусу жугуп, каза тапканы болжолдонуп жаткан адамдын канына медициналык экспертиза жасашат. Маркум бейшемби күнү эртең менен көз жумган. Ал жашаган Донегал графтыгында профилактикалык жумуштар жүргүзүлүп, инфекциялык текшерүүлөр күчөтүлдү. Маркум вирустун очогу болгон Батыш Африкадан жакында келгени кабарланууда.

Ал эми Либерияда оору жуктуруп алган үч дарыгердин абалы эксперименттик ZMapp дарысынан соң бир аз жакшырганы айтылып жатат.

АКШнын Атланта шаарында үч аптадан бери дарыланып жаткан эки медицина кызматкери үйүнө чыгарылды. Алар Либериядан эбола вирусун жуктуруп алып, 2-августта оор абалда мекенине жеткирилген болчу. Экөөнү тең эксперименттик дары менен дарылашты.

Түштүк Африка Республикасы оорудан сактануу максатында Либерия, Нигерия жана Сьерра-Леон өлкөлөрүнөн келгендерди чек арадан өткөрбөй жатат.

21-августта Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Конго Республикасында да эбола илдети тездик менен жайыла баштаганын маалымдады.

Батыш Африка мамлекеттеринде күчөгөн бул оору аз эле убакыт ичинде 1350 адамдын өмүрүн алды.

XS
SM
MD
LG