Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:56

Кийинки жылы бюджет тартыштыгы 14 миллиард сом болот


2015-жылы Кыргызстандын казынасындагы тартыштык 14 миллиард 83 миллион сом болот деп болжолдонууда. Бул тууралуу Каржы министрлигинен кабарлашты. Бул сан өлкөнүн ички дүң продукциянын 3,2 пайызын түзөт. Бул тартыштыкты жабуу үчүн ушул өлчөмдөгү каржылоо булактары каралууда

Каржы министрлигинин маалыматы боюнча, азыркы күнгө карай Кыргызстандын мамлекеттик карызынын көлөмү 3 млрд. 632 млн. долларга жетти. Анын ичинен 3 млрд. 389 млн. доллар тышкы карыз, 243 млн. доллар ички карыз. 2014-жылы жети айдын ичинде мамлекеттик карыз үчүн 7 миллиарддан ашык сом төлөндү. (BkA)

XS
SM
MD
LG