Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:47

“Кумтөрдүн" жетекчилиги ишкананы жок кылууга кызыкдарбы?


"Кумтөр" алтын комбинатында көп жыл иштеген адис ишканадагы азыркы жагдайды “өндүрүштүк, саясий жана моралдык кризис” деп сыпаттайт.

Анда сөздү ошол адиске берсек:

«Кумтөрдүн» азыркы компетентсиз, иштин көзүн билбеген жетекчилигинин соңку жылдардагы ишмердиги кенди иштетүүдөн калган калдыктардын үймөгү жылып отуруп комбинаттагы негизги курулуштарды кыйратуусуна алып келди. Алардын ордуна курулуп жаткан жаңы обьектилердин сапаты – деги «Кумтөрдүн» азыркы жетекчилигине алардын кереги барбы? - деген суроо жаратат. Ачык карьердеги акыбал, олуттуу көйгөйлөр (суу агымы, Давыдов мөңгүсүнүн жылып баратканы, борттордун туруксуздугу) алардын кайдыгер мамилесинен каңкуулап кабар берет.

Өкмөт болсо азырынча Консультациялык кеңеш аркылуу орток ишкананын кирешесин бөлүшүү менен алек, мындай сунушту былтыр «Центерра» киргизген. Жогорку Кеңеш 2014-жылдын 6-февралдагы токтому менен башка маселелер катарында өкмөткө «Кумтөрдө» финансы-техникалык аудит, кылдат текшерүүнү тапшырган, азырынча ал иштен дайын жок.

«Кумтөр» - ишти натыйжалуу жүргүзүүгө жөндөмсүз, же ага кызыкдарлыгы жок жетекчилик андан ары тереңдетип жаткан бардык проблемалардан улам келечекте деги иштей алабы? Азыркы акыбалында кете берсе, болочок орток ишканага эмнени калтырат? «Кумтөр» деги келечекте киреше алып келеби? Азыр кечиктирбей баарын иретке келтирип, кыйроого учураган обьект, имараттардын ордуна сапаттуусун салып, андан кийин реструктуризация боюнча сүйлөшүүнү улантса кантет? Техникалык аудит жүргүзүлсө, келечекте кандай формадагы ишкана түзүү керектиги туура аныкталмак эмеспи. Азырынча бул маселени эки тарап тең көз жаздымда калтырууга жанталашып жаткандай, анткени техникалык аудиттин жыйынтыгы кандай болоорун эч кимиси айта албайт.

Ошол эле маалда «Кумтөр» боюнча сүйлөшүүлөр бурчка такалып, иш «Центерра» көптөн бери эскертип опузалап келаткан Эл аралык арбитражга жетиши мүмкүн. Андай болгон күндө да, Эл аралык арбитраж дайындай турган техникалык аудит аркылуу кыргыз тарап олуттуу аргументтерин андан ары күчтөндүрүп, «Центерранын» калган акционерлери астында да сөзү өтүмдүүрөк болмок".

Азаттык: Биз автордун уруксаты менен ал өзү тартып алган айрым сүрөттөрдүн коштоосунда “Кумтөрдү” башкаруу, ишкананын өндүрүш натыйжалуулугун арттыруу саясаты теңирден тескери жакка кетип баратканын баяндап берүүнү туура көрдүк.

Оор тоо-кен техникаларын оңдоп түзөй турган ишкана, кампа, жеңил унааны ремонттоо цехи жана башкаруу-тейлөө имараттары. 2006-жылдын июнь айында тартылган. (Суротту бассаныз чоноет).

Оор тоо-кен техникаларын оңдоп түзөй турган ишкана, кампа, жеңил унааны ремонттоо цехи жана башкаруу-тейлөө имараттары. 2013-жылдын апрель айында тартылган.

Ошол эле имарат. Кен иштетүүнүн калдыгы үйүлгөн дөбө жылып отуруп, имаратты кулатуучу күчкө жеткен. Курулуштун бийиктиги 18 метр, эң ылдый жагы 16 метр болгон. Узундугу 170 метр, туурасы 24-48 метрге жеткен. 1995-жылкы эсеп-кысап боюнча имарат 27 миллион АКШ долларына тургузулган.

Оор техниканы оңдоочу устакананын ички көрүнүшү. Сүрөт былтыр тартылган. Калдыктар үймөгү түртүп отуруп, калыңдыгы 600 мм темир-бетон плиталарын кыйраткан. Ишкана бул устакананын ичиндеги баалуу техника-аспаптарды сактап калууга аракет жасаган эмес.

Бул 2013-жылдын июль айында оор техниканы, башка унааларды ремонттоочу эки устакана, кампа, административдик-чарба имараттарынын калдыгы...

Кимдир-бирөөнүн көзүн жазгырыш үчүн жумушчулардын коопсуздугун тобокелге салып, дубалдар чечилип чогултулган, чатырын эч ким көрбөйт деп калтырып коюшкан.

Мурунку темир-бетон аралаш плиталардан курулган устакананын ордуна ушундай шашылыш чатырлар орнотулган. Кытайлык брезенттен жасалган кадимки чатыр.

Бул Давыдов мөңгүсүнүн кыймылы тездей баштаганда шашылыш курулган тосмо (контрфорс). Акырындап жанындагы ачык карьерге коркунуч келтире баштады.

Биз менен маектешкен эксперт "Центерранын" алыстагы жетекчилери "Кумтөрдөгү" жагдай, иш кандай уюшулуп жатканы тууралуу чынчыл маалымат албай калышы мүмкүн деген пикирин билдирди. Азыркы учурда өкмөт менен "Центерранын" сүйлөшүүлөрү туңгуюкка кептелген кез. "Центерранын" акцияларынын 33% кыргыз тарапка таандык экенин эске алсак, өкмөт өзүнүн бир бөлүгү менен сүйлөшүп аткандай таасир калтырат. "Центерра" - алдамчылар менен аферисттер тобу катары сүрөттөлбөй, Кыргызстанга бир бөлүгү таандык эл аралык компания экенин эл түшүнүшү керек. Бирок кимге тиешелүү болсо да, компания эл кызыкчылыгында иштей ала турганын далилдөөгө милдеттүү.

"Центерранын" жетекчилиги кесибин мыкты билген, кыргыз экономикасынын азыркысы менен келечеги үчүн өтө маанилүү ишканага мыкты профессионал башкаруучу адистерди ишке алып, "Кумтөрдүн" тегерегиндеги кырдаалды тезинен жөнгө салышы керек. Азырынча андай ниет байкалбайт.

XS
SM
MD
LG