Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:56

Карзай жаңы президент 2-сентябрда ант берет деп билдирди


Ооганстан президенти Хамид Карзай жаңы мамлекет башчы 2-сентябрда ишине киришет деп билдирди. Кабарларга ылайык, мындай билдирүүнү ал БУУнун Кабулдагы өкүлү Ян Кубиш менен жолуккандан кийин жасады.

Карзайдын кеңсеси 23-августта маалымдагандай, ал өкмөт “жаңы президенттин ант берүү аземине толугу менен даяр” деди. Салтанат 2-сентябрга белгиленген жана өзгөртүлбөйт, - деп жазылган билдирүүдө.

Президенттик шайлоонун 14-июнда өткөн экинчи айлампасынын жыйынтыгы ушу тапта кайра саналууда. Жакында эки талапкер Абдулла Абдулла менен Ашраф Гани улуттук биримдик өкмөтүн түзүү тууралуу макулдашкан. Шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, азырынча аудиттен добуштардын 60 проценти өткөрүлдү.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG