Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:38

Максат айылынын мектеп директорун тажик жарандары сабашты


Бул туурасында “Азаттыкка” Баткендеги Максат айылынын башчысы Сапарали Адинаев билдирди. Анын айтымында, айылдын мектеп директору Салибай Арзыбаев жеке жумуштары менен Тажикстандын аймагына посттон өткөн учурда тажик жарандары кармап алып сабашкан. Азыр ал Кулунду айылындагы ооруканда жатат. Догдурлар анын абалын орто деп айтышууда.

Кечээ кечке жуук Лейлек районундагы Кулунду айыл өкмөтүнүн Сай аймагында тажик чек арачылары чек ара аныктала элек тилкеге 800-900 метр кирип келип, чек ара бекетин орнотууга аракет жасаган. Кыргыз чек арачылары ага жол берген эмес. Тажик тарап биринчи ок чыгарып, бул ирет да минамет колдонгон. Жергиликтүү тажик тургундары ал жердеги көпүрөнү бузууга аракет жасаган. 30 мүнөткө созулган атышууда кыргыз тараптан жабыркагандар жок. Кыргыз чек арчылары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөй баштады. Бүгүн чек арага жакын Максат айылынан коопсуздуктан улам аялдар менен жаш балдар чыгып кетишти. (AzK/BkA)

XS
SM
MD
LG