Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:19

Тышкы иштер министрлиги Тажикстанга нота жолдоду


Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 25-августтагы кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышууларга байланыштуу терең тынчсыздануусун билдирерин айтып, тажик тарапты эл аралык укуктун норма, принциптерин так сактоого чакырды. Мындан тышкары тез аранын ичинде биргелешкен иликтөө иштерин жүргүзүп, окуяга айыптууларды жоопко тартуу жана эки тараптын буга чейинки жетишилген макулдашууларына каршы келген Тажикстандын аскер кызматкерлеринин кыймыл-аракетине түшүндүрмө берүү сунушталды.

25-августта кечке жуук Лейлек районундагы Кулунду айыл өкмөтүнүн Сай аймагында тажик чек арачылары чек ара аныктала элек участокто 800-900 метр кирип келип, чек ара бекетин орнотууга аракет жасаган. Кыргыз чек арачылары ага жол беришкен эмес. Тажик тарап биринчи ок чыгарып, минамет да колдонгон. Жергиликтүү тажик тургундары ал жердеги көпүрөнү бузууга аракет жасаган. 30 мүнөткө созулган атышууда кыргыз тараптан жабыркагандар жок. Кыргыз чек арачылары азыр аталган аймакта күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөдө. (AzK)

XS
SM
MD
LG