Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:43

Арашан айылындагы өрт өчпөй жатат


Аталган жерге барган кабарчыбыз катуу шамал өрт өчүп калган жерлердеги чөптүн тамырын кайра тутантып жатканын кабарлады. Ушул тапта аймакта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эки жүздөй куткаруучусу менен жергиликтүү тургундар иштеп жатышат.

Өрт 113 гектар жерге жайылып, кечээ анын 110 гектарындагы өрт өчүрүлгөн. Бүгүнкү күндө 3 гектар жердеги өрт өчпөй жатат.

Аламүдүн районуна караштуу Арашан айылындагы Кара-Кыя тоосунда өрт 23-август күнү тутанган. Өрттүн себептери тактала элек. (AzK)

XS
SM
MD
LG