Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:36

Султангазиева сотто Саламаттыкты сактоо министрлигин утуп алды


Бишкектин Биринчи Май райондук соту бүгүн Улуттук онкологиялык борбордун жакында башкы дарыгерлик кызматынан алынган Бактыгүл Султангазиеванын пайдасына чечим чыгарды. Бул туураалуу “Азаттыкка” дарыгер өзү билдирди:

- Соттун чечимине ылайык, мен кайрадан өз жумушумду улантышым керек. Бул министрликтин чечимине көз каранды болот. Жумушумда ката кетирбегенимди далилдөө үчүн сотко кайрылып, утуп чыктым.

Быйыл 31-июлда жумушта кетирген кемчиликтери үчүн деген жүйө менен Саламаттыкты сактоо министрлиги Султангазиеваны жумуштан алган эле. Ага 15 эксперттен турган комиссиянын корутундусу себеп болгон.

Мурдараак аталган борбордун балдар бөлүмүнүн башчысы Дамира Байзакова да ээлеген кызматынан четтетилген. (SE)

XS
SM
MD
LG