Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:04

ШКУ антитеррордук операцияларды өркүндөтүүнү чечти


Шанхай кызматташуу уюмуна кирген мамлекеттердин куралдуу күчтөрүнүн башкы штаб башчылары 28-августта Бээжинде жолугушуп, антитеррордук операцияларды өркүндөтүүнү макулдашты. Орусиянын генералы Валерий Герасимов терроризм, жикчилдик, баңгизаттарын мыйзамсыз ташуу жана экстремизм коопсуздукка олуттуу коркунуч туудурган фактор болуп кала бергенин билдирди. Кытайдын аскер башчысы Фанг Фенкуй Ооганстанда кырдаал татаалдашып, “террорчулар Борбор Азия чөлкөмүнө кирип жатканын” белгиледи. Алты мамлекеттин аскердик штабдарынын башчылары Кытайда өтүп жаткан аскердик машыгуулардын акыркы этабына бүгүн байкоо салышат. Бул машыгууларга Кыргызстандан да аскердик топ катышууда. (AiT)

XS
SM
MD
LG