Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:06

Украина Кремлди жикчилдерди жетектейт деп күнөөлөдү


Киевдин айтымында, президент Путиндин камоодогу украиналык аскерлерге “гуманитардык коридор” берүү чакырыгы Чыгыш Украинадагы чатакта Орусиянын колу бар экенин күбөлөйт. Украин армиясынын 29-августтагы билдирүүсүндө Путиндин кайрылуусу бир нерсени -“жикчилдерди Кремл түздөн түз жетектегенинин жана көзөмөлдөгөнүнүн” далилдери айтылат. Путин, өзү айткандай, “Новороссиялык” козголоңчуларды украин аскерлери аман-эсен чыгып кеткендей коридор ачып берүүгө чакырган эле. 29-августта Брюсселде НАТОго мүчө өлкөлөрдүн элчилери Украинадагы кризисти кезексиз жыйында талкуулашат. Кечээ АКШ Украинанын чыгышындагы коогалаңдагы ролу жөнүндө “калп айтып жүрөт” деп Орусияны күнөөлөдү.

НАТОнун билдиришинче, Украинанын территориясында кеминде миңге чукул орусиялык аскер жүрөт жана алар артиллериялык бөлүкөн экенин космостон тартылып алынган сүрөттөр көрсөткөн. Орусиянын Коргоо министрлиги сүрөттөрдү калп деп четке какты.

XS
SM
MD
LG