Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:38

Азим Иброгим: Гидроэнергетика - биздин келечегибиз


Тажикстандын вице-премьер-министри Азим Иброгим "Азаттыктын" суроолоруна жооп берип жатат. Бишкек, 29-август, 2014.
Тажикстандын вице-премьер-министри Азим Иброгим "Азаттыктын" суроолоруна жооп берип жатат. Бишкек, 29-август, 2014.

Чек арадагы чырдан кийин Бишкекте кыргыз-тажик өкмөт өкүлдөрү экономикалык байланыштарды талкуулады. Жолугушуу жыйынтыгы тууралуу Тажикстандын вице-премьер-министри Азим Иброгим “Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.

"Азаттык": Азим мырза, Бишкекте кыргыз-тажик соода-экономикалык кызматташтыгы боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынынын соңунда атайын протоколго кол коюлду. Бул протоколдо эмнелер камтылды?

Иброгим: Бишкектеги жолугушуунун жыйынтыгында кабыл алынган протоколго 14 маселе киргизилген. Анын баары боюнча биз бири-бирибизди түшүнүп, чечим кабыл алдык. Негизинен бул жолугушууда биз экономикалык алака, илимий-гуманитардык жана маданий-социалдык багыттагы маселелерди карадык. Экономикалык маселелер боюнча биз сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, өндүрүштүк багыттагы мамилени күчөтүү үчүн ушул жылдын аягына чейин төрт же беш өндүрүштүк жармаңке өткөрүүнү чечтик. Бул эки өлкөдө өндүрүлгөн товарларды бири-бирибизге тааныштырып, байланыш түзүүгө жол ачат.

Экинчи тармак болсо энергетика тармагы. Быйыл Кыргызстандагы Токтогул суу сактагычындагы суунун тартыштыгынан биздин өлкө электр энергиясын экспорттоп жатат. Биз муну дагы өнүктүрүп, протоколго бир пунк киргизүү менен Кыргызстандан транзит аркылуу Казакстанга сатсакпы деген сунушту бердик. Кийинки жылдары Кыргызстанда электр энергия жетиштүү болгон учурда биз азыр экспорттоп жаткан электр энергиясын Казакстанга берсек болот. Албетте, анын көлөмү анча көп болбошу мүмкүн, бирок бул тармакта иш башталмакчы.

Биздин өлкөлөрдүн географиялык өзгөчөлүктөрүн, суунун мол экенин эске алуу менен бул потенциалды өз өлкөлөрүбүздүн өнүгүүсүнө жумшашыбыз зарыл. Мындан ары гидроэнергетикалык тармакта бири-бирибизди колдошубуз зарыл болуп турат...

Ошондой эле илим-билим тармагында да кызматташтыкты арттырууну сүйлөштүк. Анын алкагында Кыргызстандагы тажик тилдүү мектептерге атайын программага ылайыктап, керектүү окуу китептерин бермей болдук. Маданият тармагында болсо эң башка жетишкендик катары 2015-жылы Кыргызстанда тажик маданият күндөрүн, ал эми 2016-жылы болсо Тажикстанда кыргыз маданият күндөрүн өткөрүүнү чечтик. Муну менен катар чек аралаш жайгашкан Баткен облусу менен Согди облусунун маданий байланыштарын өнүктүрүү боюнча беш жылдык план да кабыл алынды.

"Азаттык": Кыргыз-тажик соода-экономикалык кызматташтыгынын азыркы абалын кандай баалайсыз? Эки өлкө ортосундагы чек ара чатактары бул кызматташтыкка кандай таасирин тийгизип жатат?

Иброгим: Албетте, акыркы окуялар биздин кызматташтыкка кандайдыр-бир деңгээлде өз таасирин тийгизди. Бул жаатта экономикалык көрсөткүчтөрдү жашыра албайсың. Маселен, 2014-жылдын алгачкы жарым жылында Тажикстандан Кыргызстанга экспорттун өлчөмү 4,5 миллион долларды түзүп, 2,3 миллион долларга мурдагы жылдарга караганда азыраак болду. Ал эми Кыргызстандан Тажикстанга экспорттун өлчөмү 89, 3 миллион болуп, 9, 9 миллион долларга аз болду. Бул эми мындан ким көбүрөөк жабыр тартты деген суроого жооп болсо керек.

Мындан улам биз кыргыз премьер-министри, вице-премьери менен жолуккан учурда бул көрсөткүчтөрдү жогорулатуу үчүн транспорт, транзиттик байланыш тармагындагы кызматташууну жакшыртууну сүйлөштүк. Негизи эле бул тармак биздин мамлекеттер үчүн мааниси чоң жана аны өнүктүрүү потенциалы жогору. Анткени биздин аймак аркылуу ар кыл жүктөрдү үчүнчү өлкөлөргө ташып өтүп, өз пайдабыз үчүн колдонсок болот. Бул жаатта акыркы жолугушуу жүрүшүндө Кара-Мык өткөрмө бекетине эл аралык деген макамды берүү боюнча тил табышканыбыз кубандырат.

"Азаттык": Борбор Азияда суу энергетикалык долбоорлорду ишке ашырууда Кыргызстан жана Тажикстандын позициясы бирдей. Бирок бул тармакта кызматташтык байкалбайт. Тескерисинче, чек арадан улам кайым айтышуулар болуп келет. Бир катар эксперттер бул нерсе Рогун жана Камбар-Ата сыяктуу ири долбоорлорго каршы чыккан өлкөлөр үчүн ынгайлуу деп келишет. Бул тармакта кызматташтыкты арттыруу үчүн эмнелер жасалышы керек?

Тажикстандын вице-премьер-министри Азим Иброгим "Азаттыктын" кабарчысы Бакыт Асановдун суроолоруна жооп берип жатат. Бишкек, 29-август, 2014.
Тажикстандын вице-премьер-министри Азим Иброгим "Азаттыктын" кабарчысы Бакыт Асановдун суроолоруна жооп берип жатат. Бишкек, 29-август, 2014.

Иброгим: Билесизби, кандай гана тармакта өнүгүү болбосун, гидроэнергетика, өндүрүш, транспорттук тармактарда биздин кызматташтыкка пайда гана алып келет. Биз өз колубузда бар мүмкүнчүлүктөрдү колдонуп, аны өнүктүрүүгө аракет кылышыбыз керек. Ал эми биздин өлкөлөрдүн географиялык өзгөчөлүктөрүн, суунун мол экенин эске алуу менен бул потенциалды өз өлкөлөрүбүздүн өнүгүүсүнө жумшашыбыз зарыл. Албетте, бул жерде ал долбоорлор башкаларга зыян алып келбеш керек. Ошондуктан бул тармакта өлкөлөрүбүздүн ортосунда кызматташуу жакшы деңгээлде деп ойлойм. Мындан ары да гидро-энергетикалык тармакта бири-бирибизди колдошубуз зарыл болуп турат.

"Азаттык": Акыркы учурда эки өлкө ортосундагы кызматташтыкка таасирин тийгизген Баткендеги Ворух анклавын айланып өтчү жолду куруунун айланасында бир катар маселелер чыкты. Бирок өкмөттүк топтордун акыркы жолугушуусу менен бул жаатта эки тарап бири-бирин түшүнүштү десек болобу?

Иброгим: Тилекке каршы, мен ал маселелерди талкуулаган комиссиянын мүчөсү эмесин. Тиешелүү комиссиянын курамында болбой туруп, бул боюнча бир нерсе деп айтуу кыйын. Албетте, бизге бул тууралуу маалымат беришет. Бирок өзүбүз катышпаган соң бул маселе боюнча комментарий бербей эле койгонум туура болот.

"Азаттык": Эки өлкө ортосунда аткезчилик жолу менен соода болуп келгени жашыруун деле эмес. Айрым учурда чек ара чатагына дал ушундай көрүнүш себеп болуп калып жатат. Дал ушул көмүскө сооданы ачыкка чыгарып, мыйзамдаштыруу үчүн эмне кылуу керек?

Иброгим: Чынын айтсам, сиз айтып жаткан аткезчилик маселеси боюнча менде жетиштүү маалымат жок. Эгерде биздин комиссияга бул боюнча атайын маалымат келип түшсө, балким аны карамакпыз. Жалпысынан айтканда мындай маселенин бар экени жаңылык эмес. Ал тууралуу маалымат кечээ же бүгүн пайда болуп калган жок. Мындай көрүнүштөр боло калып жүрөт, бирок массалык түрдө болуп жатат деп айтуу кыйын. Ошондуктан муну эки өлкө ортосундагы комиссияга алып чыгып кароого негиз жок деп эсептейм.

"Азаттык": Эки өлкө үчүн тең чон мааниге «CASA-1000» долбоорун ишке ашыруудагы кызматташтыкты кандай баалайсыз?

Иброгим: Бул жааттагы кызматташтыкты ийгиликтүү жүрүп жатат десек болот. Эки өлкө тең мунун маанисин түшүнүп, энергетиктер тиешелүү жумуш алып барып жатышат. Бул долбоорду Бүткүл Дүйнөлүк банк да колдоп, белгилүү бир өлчөмдөгү инвестиция да бөлүндү. Биздин өлкөлөр өзүбүздөн ашкан электр энергиясын долбоор аркылуу башкаларга сатып, экономикабызды өнүктүрөлү деп аракет кылып жатабыз.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG