Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:42

БУУ: Украинадагы чатакта өлгөндөрдүн саны 3 миңге чукулдады


Бул жөнүндө Бириккен улуттар уюмунун докладында маалымдады. БУУнун башкатчысынын Адам укуктары боюнча жардамчысы Иван Симонович 29-августта Киевдеги маалымат жыйынында:

- Докладда камтылган аралыкта, анын ичинде соңку бир айда- күнүнө орточо 36 адам өлтүрүлүп жатты. Доклад бүткөндөн бери бул сан көбөйүүдө. Бүгүнгө карай 2593 адам өлтүрүлгөнү тастыкталды. Эгер кулаган малайзиялык учакты (MH17) кошсок, өлгөндөрдүн саны 3 миңге чукул болот, - деди.

БУУнун доклады күн сайын 36 адамдын өлгөнүн салгылашуулар, Чыгыш Украинанын эл жыш жашаган бөлүктөрүндө жүрүп жатканы менен түшүндүрөт. Ал жакта 17-августка карай бери дегенде түрдүү куралдуу топтордун колунда 468 адам туткунда болгон.

“Жарандарды бутага алуу – бул эл аралык мыйзамдарды бузуу жана аларды коргоо үчүн дагы көп иштер жасалыш керек,”- деди БУУнун Адам укуктары боюнча комиссары Нави Пиллэй 29-августта Женевада береги докладдын жүз ачарында.

XS
SM
MD
LG