Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:45

Путин менен Порошенко украин кризисин телефондон талкуулады


Орус жана украин президенттери Владимир Путин менен Петро Порошенко Украинадагы кризистен чыгуу жолдорун талкуулашты. Кремлдин кабарлашынча, "мамлекет башчылар телефондон сүйлөштү жана Украинанын түштүк-чыгышында кан төгүүнү тез арада токтотуу боюнча пикирлер дээрлик бирдей экени байкалды".

Путин менен Порошенко өткөн аптада Минскте жолуккан болчу. Бирок апрель айынан бери уланып келаткан, 2500дөй адамдын өмүрүн алган согушту токтотуу боюнча кандайдыр бир чечим кабыл алынган эмес. Соңку күндөрү украин өкмөтү жана Батыш өлкөлөрү Украинадагы жаңжал үчүн Орусияны ачык айыптагандан бери кырдаал ого бетер курчуп кетти. Орусия өзүнө карата айтылган айыптоолорду четке кагып келет. (RK)

XS
SM
MD
LG