Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:43

АКШ “Ислам мамлекетине” каршы эл аралык коалиция түзүүнү сунуштады


АКШ жана Британия НАТОдогу өнөктөштөрү менен бирге өзүн "Ислам мамлекети" деп атап алган экстремисттик уюмга каршы туруучу эл аралык коалиция түзүү маселесин талкуулашты.

Бул тууралуу бүгүн АКШнын мамкатчысы Жон Керри билдирди. НАТОнун кезектеги саммитинде Жон Керри менен Пентагондун башчысы Чак Хейгел ушундай биримдик түзүү боюнча 10 өлкө жетекчилигине кайрылды. Ал Британия, Франция, Австралиянын тышкы иштер жана коргоо министрлери менен жолуккан учурда бул маселеде жетекчилер ачык позицияда болушу керектигин айтты. (КЕ)

XS
SM
MD
LG