Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:00

Жалал-Абаддын мэрлигине эки талапкер сунушталды


8-сентябрда өтчү Жалал-Абад шаарынын мэрин тандоого шаардык кеңештеги КСДП фракциясынан Салайдин Авазов жана “Өнүгүү” фракциясынан Нурлан Маматов көрсөтүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Калаанын мурдагы мэри Муктар Арапбаев өз арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулуп, анын ордуна 5-август күнү премьер-министрдин буйругу менен Салайдин Авазов мэрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

Шаардык кенеш “Өнүгүү”, “Ата-Журт” жана “КСДП” фракцияларынын 31 депутатынан куралган. (RsK)

XS
SM
MD
LG