Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:18

Чаткалда кен казылган жерге камалып калган жаран куткарылды


Чаткал районунун Терек-Сай айылында шахтада камалып калган жаран куткарылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Чаткал райондук бөлүмүнүн башчысы Алтынбек Сулайманов кабарлады.

Анын айтымында, окуя кечээ кечки саат алтылар чамасында болгон. Шахтада көчкү жүрүп, айылдын тургуну Кадыш Ниязбеков анын ичинде калып кеткен.

“Бүгүн танга жуук айыл тургундарынын жардамы менен көчкү тазаланып, кенде камалып калган жаран аман эсен куткарылды”, – дейт Сулайманов.

Терек-Сай айылындагы "Кыргызалтын" компаниясы иштеткен алтын казган шахталар кароосуз калып, азыр жашоочулардын сурьма казып алуучу карьерине айланган. (МТо/RsK)

XS
SM
MD
LG