Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:45

Эки украиналык барымтадан бошотулду


Бул туралуу Украина президентинин маалымат катчысы Святослав Цеголко билдирди. Анын айтымында, өлкөнүн чыгышындагы козголоңчулар “Меловое” бекети аркылуу катардагы эки жоокерди өткөрүп беришти.

Мурдараак өздөрүн “Донецк элдик республикасы” атап алган аймактын премьер-министри Александр Захарченко козголоңчулар менен украин өкмөтүнүн ортосундагы туткундарды айырбаштоо жараяны ишемби жана дүйшөмбү күндөрү болорун айткан.

Украинанын Коопсуздук кеңешинин маалыматына караганда, учурда козголоңчулардын барымтасында эки жүздөн ашык адам бар.

5-сентябрда Минск шаарында Украинанын өкүлдөрү менен орусиячыл козголоңчулар жуманын кечинен тарта ок атышууну токтотуу тууралуу макулдашууга кол коюшкан. Ошол эле күнү украин президенти Петро Порошенко өз куралдуу күчтөрүнө ок атууну токтотууга буйрук берген.

XS
SM
MD
LG