Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:10

Орусия: кара тизмеге 60 миңден ашуун кыргызстандык илинди


Орусиянын тартип коргоо органдарынын кара тизмесине илинген кыргызстандыктардын саны 60 миңден ашты.

Бул тууралуу Федералдык миграция кызматынын маалыматына таянып, Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги билдирди. Эки өлкөнүн адистеринен куралган атайын комиссиянын иликтөөсүнүн натыйжасында мыйзам бузуу аракети олуттуу болбогон 1036 киши бул тизмеден чыгарылды. Дагы 18 миң адамдын аты-жөнүн кара тизмеден алуу боюнча аракеттер жүрүп жатат. 43 миң кишиге Орусиянын аймагына кирүүгө тыюу салынды.

Быйыл сентябрдан тарта мигранттардан орус тили, тарых жана укук боюнча сынак алып, анан иштөөгө уруксат берүү мыйзамы иштеп жатат.

Расмий түрдө Орусияда 570 миңге жакын кыргызстандык эмгектенет. Бейрасмий эсепте алардын саны миллиондон ашуун экенин айтылат. (SE\ZA)

XS
SM
MD
LG