Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:53

Радиоактивдүү унаалар Жапонияга кайтарылат


Мамлекеттик экологиялык жана техникалык инспекциясынын маалымат кызматкери Анарбек Абазбековдун “Азаттыкка” билдиришинче, радиоактивдүү нурлары нормадан ашкан 108 машине жыл аягына чейин Жапонияга кайтарылганы жатат. Өз ара сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Жапония келтирилген чыгымдардын дээрлик бардыгын төлөп бермей болду.

Автоунааларды каттоо жана күбөлүктөрдү берүү департаментинин маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылдын алты айында Кыргызстанга чет жерден 49 миң машине алып келинген. Анын ичинен 21 миңден ашууну оң рулдуу, 27 миңи сол рулдуу авто унаалар. Оң рулдуу автоунаалардын көпчүлүк бөлүгү Жапониядан алынып келинет. Кыргызстанга кирген дээрлик бардык унааларды үч жылдан бери атайын түзүлгөн комиссия текшерип келет. Аталган коммиссиянын маалыматына ылайык Кыргызстанга радиоактивдүү нурлары бар 3 автоунаа 2012-жылы, 34ү 2013-жылы, 70 унаа 2014-жылы келген. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG