Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:18

Жарандык активист Бек Борбиевди наамынан ажыратууну талап кылууда


Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров обончу Бек Борбиевди Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти наамынан ажыратуу талабы менен Маданият министрлигинин алдына чыкты. Ал обончу Беларуска барып, Курманбек Бакиевдин туулган күнүндө ырдап келгенин айтыптап, Маданият минисрлиги бул үчүн анын наамын алып салышы керектигин айтууда.

Маданият министрлигинин өкүлдөрү укук коргочу менен жолугуп, ырчы Беларуска жеке чакыруу менен барганын, аны министрлик жибербегенин билдирген.

- Бек Борбиев балким жеке чакыруу менен баргандыр. Бирок ал кимге ырдап жатканын түшүнүшү керек эле. Бул мамлекетти жана 7-апрелдеги аянтта каза болгон баатырларды мазактоо болуп саналат, - дейт Өндүрүш Токтонасыров.

Өндүрүш Токтонасыров Бек Борбиев жакында 25 жылдык чыгармачылыгы боюнча Филармонияда концерт бергени жатканын эскертип, ага министрлик концерттик залды бербеши керек деп эсептейт. (AzK)

XS
SM
MD
LG