Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:14

Путин: Кытай-Сибир газ кууру пайдалуу


Орусиянын президенти Владимир Путин Дүйшөмбүдө Кытайдын мамлекет башчысы Си Цзинпин менен жолугушууда Сибир аймагы менен Кытайды байланыштырган газ түтүгү тез арада бүткөрүлөт деп үмүттөнөрүн айтты.

Лидерлер тажик баш калаасына Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине катышуу үчүн барышкан. Путиндин айтымында, “Сибирдин күчү” деп аталган куур Кытайдын алыскы облустарына жана Орусиянын Ыраакы Чыгышына энергетика маселесин чечүүгө жардамдашмакчы.

- Эми долбоорду ишке ашырууну дээрлик баштадык. Эки тарап жаңы куур системасын жаткырууга эффективдүү мамиле кылат деп ишенем.

Түтүктүн курулушун баштоо аземинде 1-сентябрда орус президенти “газ куурларынын жаңы системасы” Орусияга газ экспортун, “рыноктогу кырдаалга жараша”, Кытайга же Батышка багыттоого мүмкүнчүлүк" берет деп айткан.

XS
SM
MD
LG