Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:49

Жумгалдагы кырсык боюнча комиссия түзүлдү


Нарындын Жумгал районуна караштуу Каныш капчыгайында чыккан өрттү өчүрүү учурунда каза болгон жарандардын өлүмүн иликтөө боюнча атайын комиссия түзүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, Өрткө каршы агенттигинин жетекчиси Нуржан Осмоналиев жетектеген комиссия окуя болгон жерде иштеп жатат.

Бейшемби күнү Жумгалдын Каныш капчыгайындагы өрттү өчүрүү учурунда өрт коопсуздугу агенттигинин №43 бөлүгүндө иштеген 28 жаштагы Алтынбек Дүйшөналиев жана Жумгал райондук мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлү, 32 жаштагы Аваз Нуралиев каза болушкан. (BkA)

XS
SM
MD
LG