Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:34

Бүгүн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары аяктайт


Чолпон-Ата шаарындагы ат майданында бүгүн кечки саат сегизде Биринчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий жабылуу аземи болот. Уюштуруучулардын айтымында, өткөн алты күн аралыгындагы спорттук оюндардын кызыктуу учурлары майданга орнотулган чоң монитор аркылуу көрсөтүлөт. Концертке Кыргызстандын белгилүү ырчыларынан тышкары Азербайжан, Казакстан, АКШ, Түркия жана Түштүк Кореядан ырчы-чоорчулар катышат.

Көчмөндөр оюнунун жабылуу аземи КТРК, 5-канал, НТС, ЭлТР жана эл аралык “Мир”, ТРТ-Аваз телеканалдарды аркылуу түз алып көрсөтүлөт.

Оюнга катышуу үчүн 19 мамлекеттен келген 430 спортчу 9-сентбярдан 14-сентябрга чейин көчмөндөргө таандык спорттун 10 түрүнөн күч сынашты. Жалпы командалык эсепте Кыргызстан биринчи, Казакстан экинчи, Түркмөнстан үчүнчү орунда. (SE)

XS
SM
MD
LG