Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:39

Орус рублинин куну түшүүдө


Орус акчасы рублдин куну түшүүдө. Бүгүн Москва биржасында 1 доллардын баасы алгачкы жолу 38 рублдан жогору болду. Евронун да баасы өсүүдө.

Рублдин арзандоосу Украинадагы окуяларга байланыштуу Батыштын Орусияга каршы киргизген санкцияларынын жана мунайдын дүйнөлүк базардагы баасынын төмөндөөсүнүн фонунда жүрүп жатат. Евробиримдиктин соңку санкциялары орус мунайына жана коргонуу секторуна байланыштуу болчу. Ошону менен катар айрым банктарга карата да чектөө киргизилген. (RK)

XS
SM
MD
LG