Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:17

Бишкекте троллейбустарга Wi-Fi орнотула баштады


Борбор калаадагы троллейбустарга акысыз Wi-Fi орнотула баштады. Жүргүнчүлөр дарегине жеткенге чейин интернеттен бекер пайдалана аларын долбоорду ишке ашырып жаткан 4G KG компаниясынын негиздөөчүсү Руслан Шаршембиев “Азаттыкка” билдирди:

- Учурда 8 жана 14-каттам менен жүрүп жаткан эки троллейбуска өз каражатыбыз менен Wi-Fi орноттук. Алардын санын дагы көбөйтүүгө аракет кылып жатабыз. Долбоорду улантууга каалоосу барлар менен иштешүүгө даярбыз.

Коомдук унааларга Wi-Fi орнотуу жеке демилге катары ишке ашырылууда. Ал үчүн бир троллейбуска 6 500 сомдун тегерегинде каражат сарпталат. (SE)

XS
SM
MD
LG