Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:58

Казакстанда абактагы өлүм иликтенүүдө


Казакстандын түндүк-чыгышында жайгашкан Павлодар шаарындагы абакта жазасын өтөп жаткан жарандын өлүмү иликтенүүдө. Бул тууралуу Жаза аткаруу департаментинин Павлодар облусу боюнча жетекчиси Ерсаин Нуртазинов билдирди. Анын айтымында, өлүмгө жүрөк оорусу себеп болгон жана маркумдун денесинен көк-ала так табылган жок.

АП-162/4 жаза аткаруу мекемесиндеги бул окуя тууралуу Ерсаин Нуртазинов 16-сентябрдын кечинде абактагылардын жакындары менен жолугушууда билдирди. Дүйшөмбү күндөн бери түрмөдө жаткандарга карата зомбулукту токтотууну талап кылып алардын туугандары колониянын кире беришинде нааразылык акциясын өткөрүп жатышкан болчу. Кечээ абактын ичинде козголоң чыгып кетпеши үчүн ал жакка ички аскерлер киргизилгенин кабарлашкан.

Ерсаин Нуртазиновдун айтымында, бул түрмөдө 1100 киши бар жана "аларды эч ким уруп-соккон жок". Ошондой эле абак жетекчилиги колониянын ичинде пландалган тинтүү иштери гана жүргүзүлгөнүн, зомбулукка жол берилбегенин айтууда. (RK)

XS
SM
MD
LG