Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:40

Кыргызстанда пахта түшүмү эки эсеге азайды


Кыргызстан өндүрүп жаткан пахта продукциясынын көлөмү 15 жыл мурдагыга салыштырмалуу эки эсеге азайды. Мурда пахта талаалары 80 миң гектардан ашуун жерге эгилип, 200 000 тоннага чейин ак алтын жыйналса, учурда 20 миң гектардан ашуун жерге гана пахта эгилет. Жыйналган түшүм 100 миң тоннадан бир аз ашат. Бул тууралуу “Азаттыкка” экономика министри Темир Сариев билдирди.

Пахта талааларынын кыскарышына ак булага болгон баанын өспөй жатышы себеп болууда. Дүйнөлүк рынокто ак алтындын баасы жогорулаганы менен мындай көрүнүш Кыргызстанда байкалбайт.

Былтыр 1 кг пахта 37-42 сомдон сатылса, быйыл канча сом болору дагы эле чечилген жок. Пахта кабыл алуучу заводдон нарк октябрда аныкталарын айтып жатышат. Ушул тапта Ош жана Жалал-Абад облустарында пахта терими кызуу жүрүп жатат. (SE)

XS
SM
MD
LG