Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:31

Крым татарларынын Межлисинин кире бериши тосулуп турат


Сот аткаруучулар федералдык кызматынын 15тей өкүлү Крымдагы Межлис имаратынын кире беришин тороп, эч кимди өткөрбөй турат. Белгиленген убакытта имаратты бошоткон жоксуң деген негизде “Крым” кайрымдуулук корунун жетекчиси Ризи Шевкиевге 50 миң рубль айып пул салышты. Имаратты бошотуу Симферопол сотунун чечими экенин “Азаттыктыктын” кабарчысы билдирди.

Крым татарларынын курултайынын төрагасы Заир Смедляев сот имаратты бошотуу боюнча ишти 22-сентябрда карай турганын билдирген. Межлис сот чечиминен мурда имаратты камоого жана андан айдап чыгарууга эч кимдин укугу жоктугун билдирүүдө.

17-сентябрда сот аткаруучулар Ризи Шевкиев башында турган фонд жана бир канча крым татарларынын уюмдары имаратты бошотушу керектиги тууралуу токтомду тапшырышкан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG