Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:46

Пакистанда дин аалымын атып кетишти


Карачи университетинин Ислам изилдөө факультетинин деканы, профессор Мухаммед Шакил Ауджини белгисиз кишилер атып кетишти. Полициянын маалыматына ылайык, 18-сентябрда ал бараткан унааны мотоциклчен эки киши аткылаган.

54 жаштагы профессор либерал маанайдагы сабактары үчүн бир нече ирет коркутууга дуушар болгон эле.

Ауджи салттуу эмес көз караштагы сабактары менен белгилүү болчу. Ал буга чейин мусулман аял башка диндеги кишиге турмушка чыкса болорун айтып келген. Бул үчүн аны күнөөлөшүп, “кудайга акараат келтиргени” үчүн коркутушкан жана кылмыш жообуна тартыларын эскертишкен. Мындай коркутуулардан улам профессор 2012-жылы полицияга да кайрылган болчу.

Университеттин студенттери “Мугалимди өлтүргөнүңөр - коомду өлтүргөнүңөр” деп жазып алып акцияга чыгышты. Аталган окуу жай профессордун өлүмүнө байланыштуу үч күн аза күтүү күнүн жарыялады.

XS
SM
MD
LG