Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:01

Донецк аба майданынын жанында атышуу болууда


Украинанын өкмөттүк аскерлеринин көзөмөлүндөгү Донецк аэропортунун жанында ушу тапта салгылашуу жүрүп жатканын жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлоодо. Блогерлердин жазганына караганда, аэропорт "Град" системасынан жана танктардан аткыланууда, тегеректи кара түтүн каптап турат.

Атайын операция штабынын маалымат кызматынын билдиришинче, бейшембиден жумага караган түнү орусиячыл жикчилер аэропортту басып алууга аракет жасашкан, бирок андан майнап чыккан эмес. Ошондой эле жанындагы айылдардын тосмолорун аткылашкан. (RK)

XS
SM
MD
LG