Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:59

Мосулдагы Түркия жарандары бошотулду


“Ислам мамлекети” согушкерлери тарабынан Ирактын түндүгүндөгү Мосул шаарында барымтага алынган 49 түрк жараны бошотулуп, мекенине жеткирилди. Бул тууралуу Түркиянын премьер-министри Ахмет Давутоглу билдирди.

Анын айтымында, барымтадан бошотулгандардын абалы канааттандырарлык. Аларды бошотууда Түркиянын атайын күчтөрү өзгөчө ыкмаларды колдонушкан.

Давутоглу туткундан бошотулгандарды тосуп алуу үчүн Азербайжанга белгиленген сапарын токтотуп, Түркиянын түштүгүндөгү Шанлыурфа шаарына барды.

Түркиянын Ирактагы баш консулу Өзтүрк Йылмаз баштаган жарандары июнь айында “Ислам мамлекети” уюмунун согушкерлери тарабынан туткундалган.

XS
SM
MD
LG