Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:10

Украина өзүн-өзү коргой алууга тийиш


Мындай билдирүүнү украин президент Петр Порошенко жекшемби күнү жасады. Ошол эле учурда Чыгыш Украинада чатакты аскер күчү менен жөнгөрүү мүмкүн эместигин белгиледи. Порошенконун айтымында, Украина Донецк жана Луганскиде согуш майданында 65% аскер техникасынан ажырады. Украин бийлиги жана жикчилдер ок атууну токтотууну 5-сентябрда макулдашкан. Ал маал-маалы менен бузулуп жатканына карабай 19-сентябрда тараптар артиллерияны буфердик зонадан 30 чакырым алыска чыгарууну макулдашты.

Украин президенти Донецк жана Луганск облустарынын Орусия менен чектешкен жерлерин украин чек арачылары кайтарарын, эки облустун Украинага баш ийген аймактарын Киев каржыларын билдирди. (AiT)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG