Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:59

АКШ жана Иран тышкы иштер министрлери жолугушту


АКШнын Мамлекеттик катчысы Жон Керри Нью-Йоркто Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф менен “Ислам мамлекети” уюму туудурган коркунучту сөз кылышты. Маалыматка караганда, алар ошондой эле Тегерандын атомдук программасына байланышкан маселелерди талкуулашты.

Ушу тапта Иран менен АКШ, Орусия, Кытай, Британия, Франция жана Германия кирген топ ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн кезектеги айлампасы өтүүдө. Тегеран уран байыткан центрифугалардын санын жана кубатын азайтууга көнбөй койгондон кийин сүйлөшүүлөр туңгуюкка такалган.

Байытылган уран атомдук реакторго суюк отун катары, ошондой эле ядролук курал жасоодо да пайдаланылат. Батыш Иран тымызын түрдө атомдук куралдын үстүнөн иштеп жатат деп айыптаса, расмий Тегеран муну танууда.

XS
SM
MD
LG