Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:54

Орусия: согушкерлерге сокку уруу Дамаск менен макулдашылуусу керек


Орусиянын Тышкы иштер министрлиги АКШнын «Ислам мамлекети» радикал тобунун турумуна сокку урганына байланыштуу билдирүү таратты. Анда бул иш Дамасктын макулдугу менен же БУУнун Коопсуздук кеңешинин тиешелүү чечиминен кийин гана жасалышы керектиги айтылат.

Министрликтин сайтында жарыяланган билдирүүдө «Жакынкы Чыгыш жана Африканын түндүгүндөгү терроризм менен күрөшүүгө дүйнөлүк коомчулуктуктун биргелешкен аракети талап кылынары» жазылган. «Маселени геосаясий кызыкчыктарга карап чечүүгө аракет кылуу ошол өлкөлөрдүн суверендүүлүгүнө шек келтирет жана акыбалды ого бетер оорлотот» деп белгиленген.

Мурдараак АКШ “Ислам мамлекетинин” Сириядагы турумдарына сокку урганы кабарланган. Ал операцияларга истребителдер, согуштук учактар, “Томагавк” ракетасы колдонулганы айтылган.(КE)

XS
SM
MD
LG