Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:32

Cот адилеттигин өркүндөтүү үчүн эксперттик жумушчу топтор түзүлдү


Бул боюнча тийиштүү буйрукка президенттик аппараттын жетекчиси Данияр Нарымбаев бүгүн кол койду. Ага ылайык, жумушчу топтор тарабынан сотторго байланыштуу жана мунапыс берүү боюнча мыйзам-долбоорлоруна сунуштар иштелип чыгат. Сот адилеттигине байланыштуу мыйзамдар пакетин кабыл алууга кете турган чыгымдар текшерилет.

Эксперттик жумуштук топтордун курамына мамлекеттик органдардын, сот корпусунун өкүлдөрү, юристтер жана көз карандысыз эксперттер кирди. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган буйрук “Сот адилеттигин өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" өткөн жылдын февралындагы аппарат жетекчисинин буйругуна толуктоо катары чыгарылды. (SE)

XS
SM
MD
LG