Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:12

«Арнамысчы» депутатка кылмыш иши козголду


Нурлан Төрөбеков, ЖК депутаты.
Нурлан Төрөбеков, ЖК депутаты.

"Ар-намыс" фракциясынын депутаты Нурлан Төрөбековго Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоду.

Ал Кылмыш-жаза кодексинин алдамчылык жана жасалма документ жасоо беренелери боюнча шектелүүдө. Төрөбеков “үчүнчү класстагы мамлекеттик кеңешчи" деген чин алуу үчүн тапшырган жогорку окуу жайдын диплому жасалма экени белгилүү болду. Эл өкүлү өзүнө тагылган айыпты четке кагат.

Депутат жасалма диплом менен жүргөнбү?

Маалыматка ылайык, 2013-жылы Нурлан Төрөбеков Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин бүтүргөнү тууралуу дипломун тапшырган. Анын негизинде депутатка мамлекеттик чин берилген.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын өкүлү Алманбет Абраманов буларды айтат:

- Нурлан Төрөбековго берилген диплом эч жерде катталган эмес. Ошол дипломдогу регистрациялык номур менен башка күнү берилген бөлөк сериядагы диплом болгон. Ал диплом Кыргыз-европалык факультетиндеги бүтүрүүчүгө берилген экен. Демек депутат Нурлан Төрөбеков жасалма диплом колдонуп жүргөн

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Нурлан Төрөбеков өзүнө тагылган айыпты четке какты. Депутат “Азаттыкка” буга чейин бул маселе боюнча Башкы прокуратурага чакырышканын, бирок иш козголгону тууралуу кабардар эместигин билдирди:

- Бул боюнча маалыматты азыр угуп жатам. Аны жакшылап текшерүү керек. Жасалма диплом деген бул жалган маалымат

“Ар-намыс” фракциясынын депутаты Айнуру Алтыбаева кесиптеши Төрөбековго козголгон кылмыш иши боюнча парламентке Башкы прокуратурадан билдирүү келе электигин билдирди. Ошондой эле ал Төрөбековго тергөө жүргүзүү үчүн кол тийбестик макамынан ажыратуу боюнча маселени азыр божомолдоо эртелик кылат деп эсептейт:

- Мен азыр так айта албайм, бул оор же жеңил кылмыш деп. Азыр эми мыйзам боюнча Башкы прокуратура бизге кайрылат. Биз ошону күтөбүз, бизде азыр толук маалымат жок, интернеттен эле окудук. Эми Жогорку Кеңеш жааматтык орган. Көпчүлүк кандай чечсе, чечим ошондой болот. Азырынча эч нерсе айта албайбыз.

Бири-бирин коргогон депутаттар

Башкы прокуратуранын буга чейин берген маалыматында эки жылдын ичинде Жогорку Кеңештин депутаттарына карата он кылмыш иши козголгон. Бирок кылмыш иши козголгон депутаттарга парламент жоопко тартууга макулдугун бербей койгон.

Академик, экс-депутат Жамин Акималиевдин пикиринде, айыпталып жактан эл өкүлүнүн мыйзам алдында жооп бериши күмөн:

- Биринчиден, эл шайлаган депутаттарыбыздын кылмыш ишине аралашканынын өзү акылга сыйбаган иш. Мындай учурда эл аралык тажрыйбада чиновниктер дароо арыз берип кетип калат. Себеби өз абийри таза болот да. Бизде болсо креслого тырмышып, актанып жатып калат. Бизде парламенттеги депутаттардын көпчүлүгүнө кылмыш иши козголгон, бирок бири-бирин сактап келе жатышат. Ар бирибиздин башыбызга келет деп кылмыш иштерине жооп берүүгө жол бере беришбейт. Бул таптакыр мыйзамга каршы келет.

Жогорку Кеңештин сайтындагы маалымат боюнча "Ар-намыс" фракциясынын депутаты Нурлан Төрөбеков 1969-жылы Бишкек шаарында төрөлгөн. 2004-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин “юриспруденция” адистиги боюнча бүтүргөн. 1988-1989-жылдары Ооганстандагы согуштук аракеттерге катышкан.

1992-1995-жылдары ишкерлик кылган. 1995-жылдын декабрынан тарта Ооганстандагы согуштун ардагерлеринин республикалык кеңешинин төрагасы.

2010-жылдын октябрында “Ар-намыс” саясий партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. 2013-жылдан тартып Жогорку Кеңештин Коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары. “Даңк” медалы менен сыйланган.

Нурлан Төрөбеков жөнүндө кыргыз гезиттери Ооганстандагы согушка катышпай эле ардагер деген документ жасатып алган деп жазып чыгышканы бар. Бирок ал өзү муну четке кагып келет.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG