Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:01

Иран президенти БУУда экстремизм жана ядролук маселени көтөрдү


Бириккен улуттар уюмунун Башкы Ассамблеясына 25-сентябрда кайрылган Ирандын президенти Хасан Роухани, Жакынкы Чыгыш, Борбордук Азия жана Кавказды “террорчулардын уюгуна” айлантууда “стратегиялык каталарды кетирген” Батыш жооптуу деп билдирди. Ал кээ бир мамлекеттер экстремизмди тизгиндей албай жатат деп, ага каршы күрөштө дүйнө бириккенин күмөнгө алды:

- Экстремизм биздин региондун мамлекеттери гана күрөшө турган регионалдык маселе эмес. Ал глобалдык проблемага айланды. Кээ бир мамлекеттер аны түзүп, эми ага каршы турууга жөндөмсүз болуп калды. Анын азабын учурда биздин адамдар тартууда. Кээ бир атайын кызматтар аларга курал беришти. Мына ошондой террордук топторду түзгөндөр катачылыгын мойнуна алып, өткөн муундар үчүн эле эмес, келечек муундардан да кечирим сурашы керек.

Ирандын ядролук программасына токтолгон Роухани ноябрь айында келишимге жетишүү үчүн Батыш ийкемдүүлүктү көрсөтүшү керек деди. (AiT)

XS
SM
MD
LG