Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:52

"Ислам мамлекетинин" Сириядагы турумдарына кезектеги сокку урулду


Сириядагы адам укуктарына байкоо салган мониторинг тобу коалиция түн ичинде “Ислам мамлекети” уюмунун базаларына жана Сириянын түндүгүндөгү эки мунай ишканасына сокку урганын маалымдады.

Британияда жайгашкан топ билдиргендей, бүгүн эртең менен жоочулардын ал-Майдин шаарынын жака-белиндеги командалык борбору бутага алынды. Бирок соккудан набыт кеткендер барбы же жокпу белгисиз.

АКШ баштаган коалиция согушкерлердин Сириядагы турумдарына төрт күн катары менен сокку уруп келишти.

Мониторинг тобунун ырастоосунда, сокку уруудан кеминде 140 согушкер жана 13 жайкын тургун набыт кетти.

XS
SM
MD
LG