Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:04

Жалал-Абадда мектептер 43 пайыз гана отун менен камсыз болду


Облус аймагындагы бардык билим берүү мекемелерине күз-кыш мезгилине даярдык көрүү үчүн 12 миң тоннага жакын көмүр керектелсе, анын 43 пайызы гана камдалды. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлүнүн милдетин аткаруучу Жумагүл Эгембердиева билдирди.

- Башка аймактарга салыштырмалуу көмүрдү биз кечирээк алабыз, эрте камдасак күнгө күйүп кетет. Ал эми саламаттыкты сактоо мекемелерине миң тоннадан ашык көмүр келип түштү, - деди Эгембердиева.

Аймакка отун сатып алуу үчүн 47 млн. сом каражат керектелсе, анын 22 миллионун жергиликтүү бийлик берет. Облус боюнча 137 жерде көмүр сатуу жайлары уюштурулган. Бул жумада облусту кыдырган энергетика министри Осмонбек Артыкбаев аймакта кышка карата камылга начар экенин айтып, жетекчилерди сынга алган. (RsK)

XS
SM
MD
LG